Көрсө жигитим аялы экөө ажырашпай эле сонун жашайт экен. Анда неге колумду сурады?

Көрсө жигитим аялы экөө ажырашпай эле сонун жашайт экен. Анда неге колумду сурады?

18-үчтүн айы, 2023-ж // Без рубрики // Айпери Осмоналиева
Турмуштан жолум болбой, жолдошум экөөбүздүн отубуз күйүшпөй, ажырашы кеткенбиз. Өзүм шаардагы кеңселердин биринде иштейм. Мурдараак унаа мене жол кырсыгына кабылып, андан кийин да кыйнала бергендиктен, үйдөгүлөрдүн айтуусу менен Кудайга жалынып, намаз окуп баштагам. Бирок хиджап кийбейм. Күнүгө багымдат жана куптан намаздарын окуп, Жаратканга шүгүр келтирип турам. Ошентип жүрүп эле менин жашоомдо бир жигит пайда болду. Экөөбүз тег турмуш кура элек студент кезде тааныш болчубуз. Кийин көрүшпөй, унутушуп деле калганбыз. Арадан он жылдан кийин кайрадан жолугуп калдык. Ал да азыр дин жолуна түшүп, беш маал намаз окуйт экен. Кадимкидей даават айтып, эки сөзүнүн бири эле «шүгүр», «тооба» дегенинен ишенип жүргөм. Курулуш материалдары боюнча чакан бизнеси да бар экен.
Айтымында, аялы менен кайын журту жаман чыгып, жубайынан аябай көңүлү калыптыр. Үйүнө баргысы келбей эле жумушунда түнөп, же мейманканаларда жатып жүрдү. «Келинчегим менен ортодогу балдары үчүн эле сүйлөшөм» дечү. Ошентип сүйлөшүп жүрдүм. Кечкисин видео чалууну адатка айлантып алган. Бирок аялы документ түрүндө ажырашууга макулдугун бербей жатканын, бизге жаңы батир алмак болгонун айтчу. Байкасам, мен да ага көнүп баратам. Ошентип колумду сурады. Бирок «азыр ата-энемди жибере албайм, алгач мындай эле мечиттен нике кыйдырып жашап туралы. Кийин аялым менен ажырашып, анан ата-энемдин алдына алып барам» дегенинен шектене баштадым Мен да ошол жагына басым жасап, «ата-энең келсин» деп туруп алдым. Кызык ошол жерден башталды. Мен «ата-энең келсин, же аялыңдын номерин бер» деген сайын өзүнөн-өзү актанып жатып, ар кайсы калпы чыга баштады.

Бир күнү орток тааныш адамга жолугуп калып, мени алмакчы болгон адамдын турмушу тууралуу четин чыгарсам, ал оозумду ачырды. Көрсө, жигитим аялы экөө ажырашпай эле сонун жашайт экен. Заңгырагын үйү бар, аялына тигүү цехин ачып бериптир. Кайын журту менен деле мамилеси сонун экен. Муну цехин ачып бериптир. Кайын журту менен деле мамилеси сонун экен. Муну айтсам мойнуна албай койду. Ошондон көп өтпөй эле мурункудай оюн түз эле «балп» эттире албай жүрүп, өзүнөн-өзү менден алыстай берди.

Анын бул кадамына эмне себеп болгонун азыркыга түшүнө албайм. Өзү дин жолундагы адам, турмуш куруу ою болсо баарын ачык айтып, таза кадам менен баштаса болмок. Бир чети «алданып калбаурам. Анткени азыр намаз окуган такыбалыгына ишенип, ушинтип машинадан же мечиттен эле нике кыйдырып алып жашап, кийин төрөп алгандан кийин талаада калган кыз-келиндер көп экен. Алар же балдарына алимент ала албай, орто жолдо калышкан. Кризистик борборлорго ушундай кыз-келиндер көп кайрылат
дешет.