Саясат

Коррупциянын вакцинасын ойлоп таап жаткан Акылбек Жапаров

Министр бюджетти калыбына келтирүү менен жер-жерлерде жаралган маселени тез арада чечүү максаты көздөлүп жатканын айтты. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров парламентте билдирди.

Ал райондук бюджетти калыбына келтирип, акимдердин укугун кеңейтүү менен жер-жерлерде жаралган маселени тез арада чечүү, бардык айылдарды тегиз өнүктүрүү максатын көздөп жатканын белгиледи.

“Убагында ушул залда Чыңгыз Төрөкулович (Айтматов — ред.) “аким дегендер Далай-лама болуп алыптыр, эч кимди укпайт” деп айткан эле. Биз андайга жол бербейбиз, ага рычагдарды карап жатабыз. Коррупция деген оору экен, бирок анын вакцинасын дагы ойлоп таап жатабыз” деди Жапаров.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *