Көп миллиондук көмүрлөрдү уурдо фактысы боюнча козголгон кылмыш иши тергелүүдө.

Көп миллиондук көмүрлөрдү уурдо фактысы боюнча козголгон кылмыш иши тергелүүдө.

20-кулжа, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Кыргыз Республиканын энергетика тармагы системалуу коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлгөн  иш- чаралардын алкагында, КР УКМК   тарабынан Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин, анын карамагындагы  «Кыргызкөмүр» МИнин, «Ысык-Көл кемечилиги» жана Балыкчы шаарындагы жүктөө — түшүрүүчү пункту филиалдарынын кызмат адамдарына карата, Бишкек шаарындагы  ЖЭБге багытталган көп миллиондук көмүрлөрдү уурдо фактысы боюнча козголгон кылмыш иши тергелүүдө.

Кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында, тергөө тарабынан 2021-2023- жылдар аралыгында » Кара- Кече» кенинен Балыкчы шаарына чейин көмүрдү оор жүк ташуучу унаалар менен, андан кийин Балыкчыдан Бишкектин ЖЭБине темир жол аркылуу ташуу учурунда жогоруда аталган министрликтин жана га караштуу мекемелердин жогорку кызматтагы кызматкерлеринен турган » көмүр мафиясынын»  мүчөлөрү тарабынан 15 960,81 тонна, кеминде 40 миллион сомдон ашык көмүр уурдалганы аныкталды.

Булак; Аргумент кж