Коп кабаттуу үйдөн секирип , өз жанын кыюуга аракет кылган аял куткарылды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Чолпон-Атада өз жанын кыюуга аракет кылган аял куткарылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен белгилешкендей, Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарында аял киши көп кабаттуу үйдөн секирип, өз өмүрүн кыюуга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.

Жерине 3 куткаруучу тартылып, милиция кызматкерлери менен биргеликте сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, үйдүн эшигин ачышкан.

Натыйжада 43 жаштагы Э.А. аттуу аял кишини өз өмүрүн кыюудан сактап калышты.

Булак:Аргумент кж

Аргумент.kg