Чогуу майрамдашып пикир келишпестен улам көңүлдөшүн уруп өлтүргөн. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБ билдирди.

Маалыматта, Селекция айылында кыйноо менен өлтүрүлгөн аялдын денеси табылган. Көп өтпөй маркум 1979-жылы туулган А.К экени тастыкталган. Ал эми бул окуяга шектүү делип 37-жаштагы Ч.Э кармалган. Ч.Энин айтымында алар жакын адамдар болушкан. Ал күну экөө жолугушуусун белгилешип бир топто чейин майрамдашкан. Кызымтал болуп калганда пикирлери келишпей келип уруша кетишкен. Ч.Э А.Кга үстөмдүк кылып ур-токмокко алып кыймылдабай дем албай калганда качып кеткенин айтып берген.