Коом

Көңүлдөшүн колуктусунан кызганып шоколад менен ууландырып өлтүрүүгө аракет кылган

Сүйүктүүсү башкага үйлөнө турганын укканда аларды ууландырып өлтүрүүгө аракеттенген аял кармалды. Бул тууралуу Daily Mail жазып чыкты.

Маалыматта, окуя Бразилияда болгон. Күйөө менен колукту үлпөт тойго даярдынап жатканда аларга белек катары белгисиз бирөөлөрдөн таттуу шоколад жана бир нече даана хрустал чөйчөктөр келген. Досторунан келди деп ойлогон 35-жаштагы Дион менен 27-жаштагы колукту Аманда таттууларды ачып тойдун асты деп жакындары менен бирге ооз тиймекчи болушат. Шоколадды тойго даярданып жаткан жакындарына, эки жашар наристеге ошондой эле жакшы көргөн итине берген. Бир нече сааттан кийин баары өздөрүн жаман сезе башташкан. Баарын тез жардам кызматы ооруканага алып кеткен. Ит каза болуп, калгандар оор абалда жандандыруу бөлүмүндө ажал менен арбашып жатышууда дейт маалыматта.

Кийинки күнү жалпы ууланган үй-бүлөгүн абалынан шектенген поиция кызматкери Диондун мурунку сүйүктүүсү Квирито экенин таап чыгышкан. Квинто кылганын мойнуна аып, болгону анын сүйүктүүсү башкага баш кошуп, анын ордуна башка бирөөнү колтукташын калабаганын, кызганычтан улам шоколад аркылуу уулантып өлтурүүгө аракет кылганын билдирген. Сырттагы видео байкоолордон ууландырылган шоколадды курер алып келип бергени ачык түшүп калган. Полиция кызматкерлери курьер аркылуу Квирито экенин аныкташка. Ал эми Квирито болсо шоколадка кандай зат кошуп ууландырганы азырынча белгисиз бойдон калууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *