
Комузчу Азиз Батыров кызмат ордунан көтөрүлдү
02-тогуздун айы, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваКомузчу, дастанчы Азиз Батыров И.Арабаев атындагы КМУнун Маданий-эстетикалык борборунун жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу ырчы менен кабарлашканыбызда белгилүү болду.
Азиз Батыров аталган университеттеги ишин катардагы мугалимден баштаган.
«Окуу жайдын искусство жана дизайн факультетинде 6 жыл катардагы мугалим, андан кийин декандын орун басары болуп иштедим. Быйыл университеттин Маданий-эстетикалык борборунун жетекчиси болуп дайындалдым. Буюрса, анча-мынча бут тосууларга, тоскоолдуктарга ак эмгегим менен жооп кылам. Дагы да күчтөнөм, талыкпай иштей берем», — деди дастанчы.
Эскерте кетсек, Азиз Батыров «Алтын үн» наамынын ээми, маданияттын мыкты кызматкери. Эл аралык кароолордо Кыргызстандын желегин желбиретип келет. Андан сырткары «Ынтымак» тобун жетектеп, жаш шакирттерди тарбиялайт.
Булак: Аргумент кж