Саясат

“Комиссар Каттанинин” жездеси “Берия” кимдерди калтыратат?

Ушундай. Генерал Кубатбек Кожоналиев КР президентинин администрациясынын жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын начальниги. Кызматтык аталышы узун, сүрдүү бекен? Ал убагында Садыр Жапаровдун колдоочусу катары митингге аралашып, уюштуруп, камалып да чыккан жайы бар. Баса, генерал Өмүрбек Суваналиевдин бир тууган жездеси болот, “Каршылык көрсөтүү” кыймылында бирге жүрүшкөн… Эми “Берия” каймана атындагы каарманыбыз колундагы таасирдүү рычагы менен жетекчилерди чекесинен жазалап, катуу тартипти киргизе алабы? Кезинде Кубатбек мырза ишке келгенде кыйла каардуу эле. Бекер жерден “Берия” ысымы ыйгарылбаса керек. Эмесе, алдыртан кимдердин “башы кетет” ыя? Же картайып калып, саал мококтук кылабы?..

«Азия Ньюс» гезити

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *