Коом

“Колуктум эки уулум бар бирок бай аялга токол болгом”

Шаардын жашоосун эңсеп, окууну аяктаар менен иштейм деп шаарга кете бергем. Бир аз кое тур деп ата-энемдин да айтканын уккан жокмун. Айылда кыздар артынан чуркаган сулуу жигиттердин бири болгонум менен шаарга келгенде эшегим суу кечпей калды. Тактап айтканда менин артыман кыздар чуркамак түгүл карап да койгон жок. Кара жумуштарга иштей баштадым. Тапканым батириме жана тамагы кетет. Ошентип жүрүп чоң базарлардын биринде сатуучу болуп ишке оноштум. Чынын айтсам тез эле өздөштүрүп, кардардын көңүлүн таап, жумуш берүүчүмдү да ыраазы кылып өз чөнтөгүмө да иштегенди үйрөндүм. Тез эле кийген киймим оңолуп, акчалуу жаш жигиттердин катарын толуктап калдым. Арадан эки жыл өтпөй базарда соода кылган Татына аттуу кызга үйлөндүм. Жыл айланбай уулду болдук. Айтор кыздардын көзү түшкөн жигиттин бири болом деген кыялым жоголуп эми үй-бүлө түйшүгү менен алектенип баштадым. Кожоюндун аялы мени менен ьбирге чыгып соода кылганы мурункудай булактарым токтоп кыйынчылыктар боло баштады. Татына экөөбүз да уруша турган болдук.

Ошондой күндөрдүн биринде базарда коңшу отурган эженин туулган күну болуп, жумуштан кийин баарыбыз кафеге бардык. Ал жерде ырдап бийлеп ичип да аттык. Бир кезде кожейкем ыйлап калыптыр. Кызуу болуп калып ыйлап жаткан экен деп аны жеткирмекчи болуп үйүнө алып жөнөдүм. Жолдо күйөөсү жаш кызга үйлөнүп алганын айтып, мени чанджы деп буркурады. Үйүнө киргизе албай көпкө убара болдум. Заңгыраган үйдө жалгыз жашаган аял мени кошо киришимди суранды. Кирсем андай үйдү мен тушумдө да көргөн эмесмин. “Сен сулуусуң сени мен баалайм ” деп эле кожейке мага жабышып кирди. Башында жаман абалда болдум. Ичимдеги арак таасир бердиби айтор ал күнү кожейке аял менен төшөктөш болдум.

Ушул күндөн тартып мен экинчи аялдуу болдум. Тактап айтканда бай аялга токол болуп калдым десем болот. Каалаган күнү каалаган жерине чакырат барам. Кийимимди алып берет. Үй-бүлөмду бакканга акчамды берет. Бул арада экинчи уулду болдукм. Колуктум менин тапканыма сүйүнүп бала менен үйдө отурат. Кеч келем кээде келбей калам. Андай күндөрү товар алып Алматага кеттим, эртең келем деп коем. Кожейкем мени баарынан кызганат кээде аялыман да кызганып жанына жатпа деп чыр салат. Кандай болгон күндө да ал менин аялым да. Эки баланы таштап менден 15 жаш улуу аялды ээрчип кетмек белем. Мамилемди үзөйүн десем, аялың менен ажыраштырам деп коркутат.

Көчө шыпырсам да ак эмгегим менен нан тапканга жетпейт экен. Чөнтөгүм толо акча, астымда машинам болгону менен башка эркектердей жаш кыздарга бара албасам, же келинчегиме жубайлык парзымды аткара албай. Саналуу күн гана жанында болгонум жаныма батып бара жатат.

Аргумент.кж

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *