Коом

Колуктуга нике шакек алып берүү үчүн банкты тоноп кеткен

Сүйүктүү колуктуга нике шакек алуу үчүн банкты тоноп кеткен. Бул тууралуу сет элдик басылмалар билдирди.

Маалыматта,  4-октябрда эртең менен Хит Эдвард Бампус аттуу жаран Citizens State банкына кирип, накталай акча талап кылган. Ошондой эле жанында курал бар экенин айтып, эртеңкиге белгиленген үлпөт тоюнда колуктуга сала турган нике шакекке акчасы жетпей жатканын билдирген.

Ал эми полиция кызматкерлери сырттагы видео байкоодон тоногон жаран кийимдерин унаанын терезесинен ыргытканын байкашкан. Ыргытылган кийимдин арасынан тапанча да табылган.

Той болоор күнү колукту издөөгө жарыяланган жаран анын сүйүктүүсү экенин таанып калып, полицияга өз эрки менен баруусун талап кылганПолиция кызматкери Бампус уурдалган акчанын көбүн кайтарып бергенин белгиледи. Америкалык соттун өкүмү чыкканга чейин камакка алынган. Ага каракчылык боюнча айып тагылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *