
Көлгө келген сайын аялыма кылган жамандыкты эстейм
06-теке, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваУшундай мүмкүнчүлүк үчүн силерге рахмат айткым келет. Баракка түшүрө албаган ойлорумду силер менен бөлүшкүм келди. Баары буйрук дешет, балким, буйруктур. Бирок мен өзүмдү өмүр бою күнөөлүү сезип өтөм. Силерге баянымды айтып берип жеңилдеп алгым келди.
Мен катардагы эле күйөө болчум. Аялды эркелетүү, кучактоо, белек берүү деген нерсени шылдың катары көрчүмүн. Атүгүл сезимдеримди ачык бөлүшкүм келген эмес. Муздак элем. Каардуу элем. Досторум да өзүмдөй. Аялыбызды теңибизге алчу эмеспиз.
Сөгүнөбүз, ичебиз, жолдо баратп семичка чагабыз, кальян, арак-шарап, пиво ж.б. Колубузда балдарыбыз эмес, ушул нерселер эле. Сүйлөшкөнүбүз ыплас нерселер, машина, футбол ж.б.
Балага, аялга да убакыт бөлүү дегенди билчү эмесмин. Аялым сүйлөсө, даттанса ызырынып сөгөт элем. Үйгө барсам жатам, болду. Уялам.
Достор менен көлгө кетип калгам. Келинчегим чалды. Уруш чыгарды. Азыр аны түшүнөм. «Балдар чогуу барабыз деп күтүп жатышкан. Эмнеге айтпай кетесиң! Эмнеге үй-бүлөңдү карабайсың! Сага баары бир!» Бакырып ушуртук. Акыры ал түндө жолго чыкмай болду. «Кел!» деп бакырдым. Милдет кылдым.
Таң атты. Чалган жок. Ичим бир нерсе болуп чыкты.
Авария.
Эки балам аман экен. Кан болуп жаткандарын көрүп эсим чыгып кетейин деди. Тирүү. Эң башкысы тирүү экен. Апасы кайда?
Муздак колун кармаган боюнча кала бердим.
Түндө жолго чык деген мен. Сыйлабаган мен. Уруш чыгарган мен. Кайдыгер мен.
Балдарым үчүн жашап жүрөм. Алар менен жаңыдан таанышып жатам. Мага экөө тең капа. Күнөөлүүмүн. Бардык кыялдарына чыдайм. Ачуу сөздөрүнө чыдайм. Эми мен жанында болом. Жанында болом. Аларды таштабайм.
Булак: Аргумент кж