
«Кол салганга жеткиришкен». Түркияда кордолгон келиндин бир туугандары жардам сурайт
09-тогуздун айы, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваТүркияда мурдагы күйөөсү тарабынан зомбулукка кабылган кыргызстандык келиндин бир туугандары президенттен, УКМКнын төрагасынан жардам сурайт. Келиндин сиңдиси Айдай социалдык тармак аркылуу видео кайрылуу жасап, учурда бир тууганы абакта жатканын айткан.
Анын айтымында, эжеси Түркияда турмушка чыгып, уулдуу болгон. Андан кийин күйөөсү тарабынан зомбулукка кабылып, 23-сентябрда ал түрмөгө түшкөн.
«Улуу эжем жардамга баргандан баштап, апрель айында жездем алар уктап жатканда үчөөнө укол салып, андан кийин ыплас, жаман, жийиркеничтүү нерселерди жасап видеого тартып, интернетке чыгарган. Тургандан кийин эжемдердин денелери ооруп, уколдун издери табылган. Ооздору ооруп, тамак жей алышпай, кичинекей баласы да ошондой… Ажырашкандан кийин күйөөсү баланы бир жумада бир жолу алып кеткенге акысы бар. 6-7 сааттан кийин баласы келип, эркектерден качып, апасына жабышып, эч жакка чыкпай, стресс болуп, денесинен уколдун издери табылып, көтөнү кызарып ооруп, оозу жара болуп, курсагы шишип, бети дагы шишиген абалда келген. Эжем ооруканага кайрылган. Бирок «соо адамды текшере албайбыз» деген жооп болгон. Сатып алганбы, билбейм?», — дейт.
Бул окуяга байланыштуу келин полицияга барган, бирок жубатарлык жооп болгон эмес. Мындан улам ал баласына, өзүнө кол салганга аракет кылган дейт сиңдиси.
«Баланы атасына бергим келбей эле, «ушундай-ушундай» деп баарын түшүндүрүп берсе дагы полициялар «андай кылганга акың жок, атасы бир жумада бир жолу келип турганга укуктуу» дешкен. «Баланы бербесең түрмөгө отургузабыз сени» деп коркутушкан. Эжем айла жок унчуккан эмес. Ушул жылдын 23-сентябрында эртең менен жездем эжеме келип коркутуп кеткен. Эжем айласы кетип… Аны өзүнө жана баласына кол салганга жеткиришкен. Психологиялык жактан жабыркайт деген диагноз менен жана жогоруда айтып кеткен себептер менен эжемди түрмөгө каматышкан», — дейт жабырлануучу тарап.
Келиндин сиңдиси кошумчалагандай, 2 жылдан бери жалдаган түрк адвокаттарынын баары азыр мурдагы жездеси тарапка өтүп кеткен.
Булак: Аргумент кж