
Кол алдындагы мугалимдерди сабап салган
20-чын куран, 2023-ж // Дүйнө кабары // Айпери ОсмоналиеваМугалим жаран кесиптеш аял мугалимдердли ур токмокко алган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта, интернет айдыңында эки аялды китеп менен башка-көзгө койгулап ур тепкиге алып жаткан мугалимдин видеосу тараган. Анда жыйын учурунда эркек мугалим эки аял мугалимди сабап жатканы тартылган. Окутуучу аялдарга кыйкырып, китеп менен уруп, жаакка чаап, тепкилеген. Ал кадр сыртындагы адам бөлмөдө камера орнотулганын айткандан кийин гана токтогон. Көп өтпөй окуя Өзбекстандын Сурхандарыя облусунун Узун районундагы мектептин биринде болгону такталган. Өлкөнүн Билим берүү министрлиги бул окуяны териштирүү үчүн Узун районуна облустук билим берүү башкармалыгынын жетекчиси жөнөтүлгөнүн билдирди.
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы окуя 14-апрелде директордун иш бөлмөсүндө болгонун, ур-токмокко кабылган мугалимдер ооруканага жеткирилген кабарлады. ал эми аларга кол көтөргөн жаран убактылуу камоочу жайга киргизилген.