
Кокулов: D BILLIONSГО парк ачып, туристтерди тартсак болот
07-баш оона, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваЭрулан Кокулов: өзүбүздүн дүйнөлүк бренддерди колдоно албай жатабыз.
«Мисалы, Кореяда мамлекет жардам берип, ошол жерде K- pop деп ырчыларды чыгарып, сериалдарын тартып, Кореяны дүйнө жүзүнө таанытып, товарларын дүйнө жүзүнө сатат. Азыр бүт жерде Корейский косметика жана ушул сыяктуу нерселер сатылып жүрөт.
Бизде D BILLIONS деген дүйнөлүк берд бар. Жаш ырчы, музыкант балдар өздөрү дүйнөлүк брендке айланып алышты.
Американын Disneyин ашып кетпесе да ошолорго теңделди. Эмне себептен биз Кыргызстанда ошол D BILLIONS менен сүйлөшөбүз аларды колдонуп, Disney сыяктуу дүйнөгө таанылган парк ача албайбыз? Ошол да туристтерди чакырган туурабы? Ошол жерге ата — энелер балдарды алып келет. Эгер биз бүгүн ошолор менен сүйлөшүп, ошолор аркылуу инвесторлордуу таап, парк ачып алсак, ошол да туризм. Ошол жерден келет да акча».
Булак: Аргумент кж