
Көк чайдын пайдасы жөнүндө билип алыныңыз
01-кулжа, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваКОК ЧАЙДЫН ПАЙДАСЫ! Кадимки көк чайдын ден соолукка тийгизген оң таасири зор экенин билсеңиз керек. Сулуулукка да пайдалуу экенинен кабарыңыз барбы? Эмесе көк чайдын артыкчылыктары менен тарыхын айтып беребиз.
Көк чайдын тарыхы Көк чайдын мекени – Кытай. Кытайлар биздин доорго чейинки 2-кылымда эле көк чайды колдонуп келишкен. Чай ичүү аларда өзүнчө салтанатка айланган. Көк чайдын пайда болушу тууралуу ар кандай уламыштар айтылып келет. Алардын бирөөсү мындай: дарыгерлердин кудайы болгон Сары деген император элди дары чөптөр менен дарылачу. Дарылоодон мурда даярдаган дарысын алгач өзү татып көрчү. Мындан улам ал 42 жолу ууланат. Ошондо дары чөп издеп жүрүп көк чайды табат. Аны демдеп ичкенде өзүн жакшы сезип, айыкканын байкайт. Көрсө, организминдеги бардык токсиндер көк чай менен кошо чыгып кеткен болот. Ошондон баштап Кытайдагы бардык дарыгерлер көк чайды дары катары пайдаланып калышкан. Анын жардамы менен байлар, императордун үй-бүлөсү, кедейлер да ооруларынан айыгышкан.
Көк чайдын пайдалары Суусунду кандырат, токсиндерден тазалайт; Эмгекке жөндөмдүүлүктү арттырат; Депрессиядан арылтат; Бир күндө эки чыны көк чай ичкен адам күн бою сергек жүрөт; Көп убактысын монитор, телевизор алдында өткөргөн адамдар үчүн өзгөчө пайдалуу; Абасы чаңдуу шаарларда жашаган адамдар көк чайды сөзсүз ичиши керек; Зат алмашууну жакшыртат. Бул үчүн 100 грамм сууга 2 грамм көк чайды демдеп, ага имбирь, корица, лимон же жалбыз кошуп ичиңиз.
Көк чай сулуулукта Көк чай ичүү менен бир күндө 1-2 килограммга арыктоого болот. Бул үчүн 1 литр сүткө көк чайдан себелеп демдеп, аны күн бою ичип жүрүңүз. Эгер сүттү сүйбөсөңүз, көк чайды кадимкидей демдеп алып, ага теңме-тең кылып сүт кошуңуз (бир литр кайнак суу, бир литр сүт). Буга бал кошуп ичсеңиз да болот. Натыйжада организмдеги ашыкча суулардан арылып салмагыңыз бир калыпка келет. Бетиңизди күн сайын көк чайдын маңызынан даярдалган муз менен сүртсөңүз, териңиз жакшырып, жылмакай болот. Көк чай тери оорулары менен активдүү күрөшөт. Анын жардамы менен теридеги ар кандай жаралардан, күйүктөн арылууга болот. Ал үчүн коюу демделген көк чайдын музу менен жабыркаган жерлерди сүртүү керек. Бир литр сууга 2 чай кашык көк чайды салып демдеп, 10 мүнөт кайнатасыз. Андан соң даяр болгон аралашманы ваннага салып 15 мүнөт жатсаңыз, териңиз жашарат.
Көк чайдын курамы Алкалоиддер. Булардын дарылык касиети күчтүү. Мисалы, көк чайдын курамынан адамдын организмине акырындык менен таасир эте турган теин затын кездештирүүгө болот. Ал адамдын физикалык жана акыл-эс активдүүлүгүн стимулдаштырат. Ошондой эле теин кофеин сыяктуу башка заттардан айырмаланып организмден бат чыгат жана адам көк чайга такыр эле байланып калбайт. Р витамини. Бул витаминдин курамында иммунитетти чыңдоочу, аллергиянын алдын алуучу, жүрөк-кан тамыр системасына пайда келтирүүчү жана рак клеткаларын жок кылуучу биофлавоноиддер бар. Танин. Бул зат чайга чөптүн даамын берип, муундарды чыңдайт, жүрөк-кан тамыр системасынын ишин жана тамак сиңирүүнү жакшыртып, организмден зыяндуу заттарды, микробдорду айдап чыгат. Амин кычкылдары. Бир чай кашык көк чайда 17 амин кычкылы бар. Бул нерв системасынын ишине оң таасирин тийгизет. Катехиндер. Күчтүү антиоксидант болуп эсептелет. Катехиндер организмдин картаюусунун, жүрөк-кан тамыр системасы, сөөктөр менен байланышкан көптөгөн оорулардын алдын алат.
Булак: Аргумент кж