Коом

“Кой жарым жолдо калтырбайын”-деп жигитимди үйүнө жеткирсем мени зордуктап салды

Саламатсызбы менин катымды чыгарып бериңизчи. Жашым 20да, студентмин.Бир жолу 1 жигит артымдан чуркап, жалдырап кой десем болбой акыры кыз жигит болуп 1 айдай жүргөндөн кийин туулган күнү болуп,кафеде достору менен отурдук.Бир маалда мас болуп калды.Жигитим такси менен үйүнө кетмек анан мен кой бул мас,орто жолдо таштабайын деп үйүнө жеткирдим. Кетейин деп кеткени жатсам “Жаным мени менен кал”- деп кой бербей койду. Айла жок не кылаарымды билбей үйүнө кирдик, отурдук.Кой десем болбой мени зордуктап,айла жок жаттым унчукпай ыйлап.Сени алам деп жүргөн.Кийин чалсам телин албай жоголчу болду.Эптеп таап жолуксам “кечир мен башкага үйлөнөм сүйүп калдым”- десе болобу! Жан дүйнөм антарылып, аябай жаман болуп,тамак ичпей арыктап кеттим.Жип менен муунуп асындым, бирок болбой аман калдым. Эми мени ким алат кийин күйөөм өмүр бою бетиме салат го. Кеңеш бергилечи сураныч?

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *