Кочкордогу УКТ чатагы: кызматтан алынган Жумабеков менен Үсөналиев карьера жасашты

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

2022-жылдын декабрь айында Кочкор районунда үрөй учурган окуя катталган. Уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү ишкерге салык салышып, кафесин өрттөп кетүүнү айтышканы видеого түшүп калып, коомчулукта чоң талкуу жаралган. Жергиликтүү милиция кылмыштуулукка каршы чара колдонбой, тескерисинче, ыдык көрүп, уят болгону эсибизде. Кыскасы, УКТ үстөмдүгү баарын сестендирген.

Дал ушул кейиштүү көрүнүштөн соң Нарын ОИИБ начальниги Алмазбек Жумабеков кызматынан кеткен. ЖМКлар тарабынан кыйла сын-пикирге кабылган эле. Кызыгы, аз күн мурун Алмазбек Жумабеков ИИМдин адистештирилген күзөт башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басарлыгына дайындалды. Кечээ эле ишиндеги катачылыгы үчүн айыпталып атса, бүгүн кайра кызматтык секирик жасаганы таңгалдырууда. Кайда баратабыз?

Ушул темага улай дагы бир мисалга токтололу. Кочкордогу УКТ үстөмдүгү үчүн айыпталган Нарын ОИИБнин кылмыш иликтөө башкармалыгынын начальниги Алмаз Үсөналиев да кызматынан айдалган. Эки ай өтпөй бул эргул да Ош ОИИБнин орун басары болуп дайындалды. Кандайча?

Ток этерине келсек, бул дайындоолорго ИИМдин өздүк курамындагы мыйзамды сыйлаган кадрлар баш чайкашып, ачыкка чыгышпаганы менен нааразычылыктарын айтып жатышканы ырас. Ушунчалык да көз боёмочулукка барышабы? Жогорудагы жетекчилер 2022-жылдын декабрь айынын соңунда УКТга чара көрүшпөгөнү, аларга камыр-жумур аралашып кетишкени боюнча айыпталышып, кызматтарынан кетишпеди беле? Эми болсо кайрадан карьера жасашканы көпчүлүктүн кыжырын келтире баштады. Адилеттүү баа берилбей, мыйзамсыздык өкүм сүргөн кербезиби? Өтө өкүнүчтүү…

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg