Кочкордо жазаланган милиция кызматкерлеринин арасында депутат Дастан Жумабековдун бир тууганы да бар

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бүгүн Ички иштер министрлиги милиция кызматкерлери тарабынан Нарын облусунун аймагында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн калкалаган фактысы боюнча жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгын билдирди.

22 кызматкер дисциплинардык жоопкерчиликке тартылды – 9у ээлеген кызматынан четтетилди, 3 кызматкер ички иштер органдарынан бошотулду, калгандарына тартиптик жазалар берилди.

Кызматтан алынгандардын арасында депутат, Жогорку Кеңештин экс-спикери Дастан Жумабековдун бир тууганы Алмазбек Жумабеков да бар.

Ал өткөн жылдын февраль айында ички иштер органдарынын жетекчилерин ротациялоодо Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп дайындалган. Ага чейин Талас облусунун ички иштер башкармалыгын жетектеп келген.

Эске салсак, 24-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Кочкор РИИБинин кызматкерлери кафенин ээсинен акча талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн жаап салганын билдирген. Факты боюнча Камчы Асанбектин (ред. Камчы Көлбаева) уюшкан кылмыштуу тобунун төрт мүчөсү кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды. Алардын бири, Хан каймана аты бар кримавторитет кылмыштуу топ менен эч кандай байланышы жок экенин айтууда.

Аргумент.kg