
Коңшу өлкөгө тамекини мыйзамсыз алып өтүү аракетине бөгөт коюлду
08-теке, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваЖалал-Абадда УКМКнын жан Чек ара кызматынын кызматкерлери коңшу өлкөгө тамеки алып өтүүгө аракет кылган жарандарды кармадыд. Бул туурасында УКМКнын маалыматында айтылат.
Такталгандай, 4-6-июлда Жалал-Абад облусунун Кербен шаарындагы кыргыз-өзбек чек арасындагы «Мамай» тилкесинде жана Аксы районунун Кош-Дөбө айылында 31 кутуга салынган 15 миң 500 таңгак өлчөмүндөгү (Milano маркасындагы) тамекини Өзбекстанга алып өтүүгө аракет кылган 1981-жылы туулган С.Н.Т. жана 1987-жылы туулган К.К.И. аттуу кыргыз жарандары кармалды.
Учурда аталган фактылар боюнча 231-берененин 1-бөлүгү (Экономикалык контрабанда) жана 239-берененин (Милдеттүү акциздик салык салынуучу продукцияларды акциздик маркалары жана идентификациялоо каражаттары жок жүгүртүү) негизинде кылмыш иши козголгон.
Тергөө иштери уланууда.
Булак: Аргумент кж