КМШнын кийинки саммити Орусияда өтөт

КМШнын кийинки саммити Орусияда өтөт

14-тогуздун айы, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

КМШ өлкө башчыларынын кийинки жыйыны Россиянын Москва шаарында өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда уюмдун аткаруу комитетинин Башкы катчысы Сергей Лебедев билдирди.

Маалыматка караганда, саммит 2024-жылдын 8-октябрына белгиленди.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда КМШга мүчө-өлкөлөрдүн президенттеринин саммити өтүп жатат. Уюмга быйыл Кыргызстан төрагалык кылууда.

Бишкекке Россия, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Беларусь, Тажикстан жана Түркмөнстандын башчылары келди.

Булак: Аргумент кж