
КМШ оюндары: Боксчу Зафарбек Камилов финалга чыкты
10-баш оона, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваКыргызстандык мушкер Зафарбек Камилов Беларустун Орша шаарында өтүп жаткан КМШ оюндарындагы бокс боюнча мелдеште финалга чыкты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Спортчу 48 кг чейинки салмакта күч сынашууда. Ал чейрек финалдагы беттеште азербайжандык мушкерди, андан кийин жарым финалда Беларустун мушкерин жеңген.
Финалдык беттеште ал Тажикстандын мушкери менен күч сынашат.
Алтын медаль үчүн беттеш 12-август күнү Бишкек убактысы боюнча саат 19:00 башталат.
Булак: Аргумент кж