КМШ башчыларынын саммитине карата Бишкекти көрктөндүрүү иштерине 500 миллион сом сарпталды

КМШ башчыларынын саммитине карата Бишкекти көрктөндүрүү иштерине 500 миллион сом сарпталды

10-тогуздун айы, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

КМШ башчыларынын саммитине карата Бишкекти көрктөндүрүү иштерине 500 миллион сом сарпталгандыгын шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров объектилерди текшерүү учурунда билдирди.

«Биз күзүндө саммит болорун билгенбиз, бюджетте каралган болчу. Иш-чаралар планы түзүлүп, 500 миллион сомго жакын каражат пландалган», — деди мэр.

Анын айтымында, көрктөндүрүү боюнча иштер баары бир жүргүзүлмөк. «Албетте, конокторду тосуп аларда дайыма тартипти орнотобуз. Бирок бул иштер биринчи кезекте шаардыктар үчүн жасалып жатат», — деди ал.

Булак; Аргумент кж