Клипмейкер Эрнист Сыдыков жубайы менен ажырашканын ачыктады

Клипмейкер Эрнист Сыдыков жубайы менен ажырашканын ачыктады

26-баш оона, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Белгилүү клипмейкер Эрнист Сыдыков жубайы Кымбат Асизова менен ажырашканын ачыктады. Ал жеке жашоосу тууралуу «Супер-Инфо» гезитине маек курган.

Сыдыков маегинде жубайы менен эки ажырым жолго түшкөнүнө 1 жыл болгонун айтат. Ошондой эле 3 баласы жубайында калганын, аларга алимент төлөп жатканын белгилеген.

Клипмейкер ажырашуусунун себебин — жубайлар бири-бирин укпай калганда үй-бүлө бузулат экен деп түшүндүргөн.

Өз кезегинде Кымбат Асизова Инстаграмдагы баракчасы аркылуу мурдагы жолдошунун айткандарына жооп кылган.

«Кеп — тилди угуп же укпаганда эмес, акчада дагы эмес! «Дудукка да тил бүтөт» деген сөз бар кыргызда. Аял бекеринен ажаан болбойт, ошого жеткиришет. Жакшы адамдан адам кетпейт. 3 балага 12 миң сом алимент чоң деле акча эмес», — деген Азисова.

Белгилесек, Кымбат Асизова «Көк салкын» тасмасына тартылып, актриса катары таанылган.

2012-жылы клипмейкер Эрнист Сыдыковго турмушка чыгып, түгөйлөр 3 уулдуу болушкан.

Булак: Аргумент кж