Клара Сооронкулова: «Укранинаны каралагандар эртең Өзгөн шаары автономия болобуз десе да колдоп чыгасыңарбы? «

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

 Укук коргоочу, мурунку сот Клара Сооронкулова  фейсбук тармагында Россия менен Украина болуп эки жаттка бөлунуп талашып тартышып жаткан кыргыз жарандарына өз пикирин жазып чыкты. «Үч күндөн бери Путиндин агрессиялык саясатын колдогон мекендештерибизге таң калып бүтпөдүм. 1. Сабыр Муканбетов Украина элин бүтүндөй фашисттер деп айыптаптыр. Орусияда скинхед (неонацистердин) колунан жылына канча адам өлүп жатканына кызыгып көрсүнчү. Курман болгондордун ичинде кыргыздар да бар. Бирок бул көрүнүш бүт элди айптаганга негиз түзбөйт. Украинада, Орусиядагыдай эле нацистик ой жүгүрткөн адамдар, жүздөгөн мүчөлөрдү камтыган фашисттик уюмдар бар. Ал эми, жөн жерден согуш баштап, бомба жаадырып, тынч жаткан элди кыруу бул мамлекеттик деңгээлдеги анык фашизм. Путиндин пропагандасына берилбей, өз алдынча, калыс өй жүгүрткөндү үйрөнүү зарыл. Берилип жаткан маалыматка сын көз карашта болуп, калп менен чындыкты айрымалаганды билели. 2. ЛНР менен ДНРди коргоого Путиндин укугу бар дегендерге бир суроо. Эртең, 90% өзбек улутунан турган Өзгөн шаарынын калкы, мамлекеттик тилди, баш мыйзамды тааныбайбыз, автономия болобуз, өз алдынча мамлекет түзөбүз, керек болсо референдум өткөрүп бөлүнөбүз дешсе, кантээр элеңер? Мирзиев бир дагы өзбектүн башынан бир кыл чачын түшүрбөйм, тааныйсыңар деп таңуулап басып кирсе колдойсуңарбы? Путин дал ушундай саясатты жүргүзүп жатат. Аймактык бүтүндүк деген эл аралык принцип бар. Ким кайсы улутта болбосун, жашаган мамлекетинин мыйзамдарына баш ийүүгө милдетүү. Аймакты бөлүп кетүүгө бир дагы мамлекет жол бербейт. Чечендер бөлүнөбүз, эмират болобуз дегенде, Кремль бийлиги бир эмес, эки согуш козгоп, элин кырды го. 3. НАТО коркунучунан согуш баштады деп актагандар бир ойлонуп көргүлөчү. Коопсуздукту шылтоо кылганы менен, тескерисинче мамлекети түгүл, бүт дүйнө жүзүн кооптуу акыбалга коюп койду. Ядердик куралды колдонууга даярбыз дегени коопсуздукту камсыз кылганыбы? Андан тышкары, эртең түрк мамлекеттери өз алдынча коргонуу максатында бирикме түзүп кирип калсак, токтоткула деп, куралдуу тыйса макул болосуңарбы? Эгемендүү мамлекет тышкы жана ички саясатын өзү аныктайт, болбосо эмнеси эгемен? Маалыматты акыл эстин элегинен өткөзүп, башка булактардан да алып, салыштырып, фактыларга таянган пикирди карманыш керек. Ирак, Сирия деген дооматыңарды мага жабыштырбагыла. Бир дагы мамлекеттин баскынчылык саясатын колдогон эмесмин, жактап эч жерде жазган да, айткан да жокмун. Ой бөлүшсөңөр, азыркы кырдаалды айткыла»-деп жазат.

Аргумент.kg