Клара Алибекова: “Сүйүүсүн айткан мырзалар көп эле, азыр да токтой элек…”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

“Биринчи жана акыркы жолу” деген гезитибизде рубрика бар.  “Кыргызымдын жигиттерин” катыра ырдап, эл оозуна алынган Клара Алибекова карындашыбызды кепке тарттык, – деп жазат “АЗИЯnews” гезити.

— Биринчи жолу мектеп босогосун аттаганың эсиңдеби?

— Мектептик форма-фартук кийип, чачыма чоң ак бантик байлап мектепке жетелеп барышкан. Элдин баары бантигиме суктанып, кийин кыздардын баары меникиндей бантты сатып алышкан болчу.

— Биринчи жолу тамак жасаганыңчы?

— 9-клааста окуп жүргөндө эжекем “чоңоюп калдың, өз алдыңча тамак жасап көрчү” деди. Өзү жардам берип, айтып берип атты. Даамы окшошпой аткан, көрсө туз салганды унутуп коюптурбуз.

— Кимден биринчи жолу тил уккансың?

— Бир эле учурда тил албай, тентек кылып, туура эмес ишти жасап койгонум үчүн ата-энемден тил уккам, ыйлагам.

— Балдарга караганда кыз киши эрте жетилет эмеспи, сүйүү сезими биринчи жолу качан уялаган?

— Ошол эле 9-класста окуп жүргөндө бейтааныш жигит өзүнүн сүйүүсүн билдирген. Билдирген күндүн эртеси эле гүл алып келген. Мен гүлдү бир карап, кайра жигитти карасам, ал да гүлдү, мени алмак-салмак карап көпкө туруп калдык. Андагы жүрөгүмдү аралаган сезимдер бир башкача туюлду, көрсө ууз сүйүү экен.

— Чет өлкөгө биринчи жолу качан чыккансың, кандай жагдайда, андагы таасирленүүң?

— 10-класста болчумун. Россия жергесиндеги мекендештерибиз гастролго чакырып, концерт менен баргам. Улам-улам “Кыргызымдын жигиттерин” суранып ырдатышкан. Жакшы таасирленүүлөр менен келип классташтарыма бир айча айтып түгөтө алган эмесмин.

— Ким биринчи жолу сени мактаган, кайсы ишиң үчүн?

— 5-класста сахнага ырдап чыгып, өзүмдү окуткан эле агайдан “азаматсың! Өнөрүң өркүндөсүн, сенден бирдеме чыгат!” деген мактоо сөздөрүн уккам.

— Өзүң үчүн эң биринчи жолу сатып алган кымбат баалуу буюмуң, баасы канча эле?

— Баасы канча экени эсимден чыгып кетти. “Артист” көйнөк сатып алдым. Атайын акча топтоп, “сахнага ылайыктуу кийим алам” деп жарым жыл чогулткам. Элдин баарына жаккан.

— Чыгармачылыкка аралашкан алгачкы кадамың, ким түрткү берген?

— 1993-жылы 5-класста окуп жүргөндө алгач сахнага чыккам. Бир тууган агам мага баардык жактан колдоо кылып, жанымдан чыкпай жүрдү. Чыгармачылыктын казанында кайнаганыма да ошол бир тууган агам түрткү болду.

— Качан акыркы жолу бук чыгара ыйлагансың, кандай шартта?

— Жашоомдо көп эле жолу депрессияга кабылып келем. Кээде кадимкидей бук болом. Алардын баары чогулуп, ичиме батпай калган учурда сыртына чыгып, болушунча ыйлап, жеңилдеп алам.

— Акыркы жолу кимден белек алдың, эмне белек?

— 27-октябрь туулган күнүм. Бул күндү атайын пландап өткөрүү менде жок эле. Таң атпай телефон аркылуу куттуктоолор болуп атты. Түштө эң жакын курбу кыздарым “туулган күнүңдү сен жактырган жерден өткөрүп берели” деп кучак гүл, стол ийилген тасмал, бир топ баалуу белектерди берип, өткөрүп беришти. Абдан кубанычта болдум, черим жазылды. Мага өзгөчө уулумдун белеги абдан жакты. Күн сайын карап коём.

— Ким сага акыркы жолу сүйүүсүн, арзуу сезимин арнаган, сен жактан кандай жооп болгон?

— Сүйүүсүн айткан мырзалар көп эле, азыр да токтой элек. Бирок, көпчүлүгүн олуттуу кабыл албайм. Эгер көңүлүмө ал жигит жагып, назарым түшүп калса, анда чын жүрөгүмдөн кабыл алаттырмын… Бул нерселер азырынча купуя бойдон кала турсун.

— Акыркы жолу окуган китебиң?

— Китеп окуганга убактым тар. Акыркы жолу Чыңгыз Айтматовдун 10 томдук китебин барактап, кээ бир жерлерине үңүлдүм.

— Акыркы жолу эмнеге өкүндүң?

— Жакында эле ашканада тамак жасап жатып, эмнегедир өткөн-кеткен өкүттүү күндөргө бир кылчайдым. Бир кездерде туура эмес кылып койгон иштерим, андагы жаштык кылып көп мүмкүнчүлүктөрдү коё берип койгон учурларым “мобу жерден мындай кылып койсом болмок экен, тиги жерден тигиндей кылсам болмок” деп эстедим. Эмне кылмак элем? Ал кез өттү кетти…

Сурат Жылкычиев “Азия ньюс” гезити

Аргумент.kg