Кирпикте жашаган бит

Кирпикте жашаган бит

24-теке, 2018-ж // //

“Daily Mail’in” маалыматы боюнча, Кытайда Сзян атуу бир аялдын көзү катуу ооругандан кийин ооруканага барат. Башында көзүнө инфекция кирип кетти деп ойлогон. Бир күнү баласы аялдын кирпиктеринде бир нерсе секирип жатканын көрөт. Аял дароо ооруканага барат. Дарыгерлер биринчи биттерди башка паразиттер менен чаташтырып алышкан. Кийин микроскоп менен текшергенде анын бит экенин билишкен.
Аялдын кирпигинин түбүндө жыйырмага жакын бит жашап жүргөн экен. Алардын кирпикте пайда болушуна аялдын үй жаныбарларын бакканынан жана жасалма кирпик жабыштырышынан улам болгон.
Азыркы күндө көптөгөн кыз-келинчектер сапатсыз боёктор менен жасалма кирпик жабыштырып келишет. Ал эми жасалма кирпик Кытайдан алып келинери белгилүү. Жогорудагы окуяны эске алып кыздарыбыз сапатсыз боёктордун баш тартышат деген ойдобуз. Мындан сырткары жаныбарларды үйдө багуу ден-соолук үчүн өтө кооптуу экенин эскерте кетмекчибиз.
Булак: Zaman.kg