
Кийинки президент Атамбаев колдогон адам болушу мүмкүн…
04-бугу, 2023-ж // Саясат // Айпери ОсмоналиеваАстролог Жанар Кадыралиев кезектеги “көзү ачыктыгын” ММКларга берген маектеринде ачыктады. Ал буга чейин А.Атамбаевдин түрмөдөн бошоноорун айткандыгын, анысы туптуура дал келгендигин баса белгиледи. Саясат кайсы нукта жүрөөрүн айта кетти. Астрологдун айтымы боюнча Атамбаев дарыланып келгенден кийин саясатка катуу аралашат, бирок өзү бийликке аттанбайт. Ал сүрөгөн адам бийлик башына келет, бирок ал Сапар Исаков эмес башка адам. Бул жолу да астрологдун айтканы туура келеби?Атамбаев айткандан кийин кайсыл саясатчыны колтуктап такка отургузаар экен. Иши кылып күтө туралы…
Булак: Аргумент.кж