Коом

Кеткен келинимди айта берип, кийинки келинден кол жуудум

Өз кызыкчылыгымды коргойм деп уулумдун тагдырына өзүм балта чаптым. Эне баланын бактысын тилейт десе мен талкаладым. Бир эмес эки жолу уулумдун тагдыры талкаланды. Биринчи келиним менен беш ай араң чыдап кийин тили узун экен деп апасы келгенде кошуп бергем. Уулум ичинен сыздап турса да мага каршы чыга албай кала берген. Беш жыл дегенде аран үйлөндү. Бул жолу жайдары мунөз, ашыкча сөз чыкпаган келиндүү болдум. Жыл айланбай кызым күйөөсү менен ажырашып балдары менен келди. Энемин менден башка кимге барып корголойт эле. Ошентип кызым менен келиндин ортосунда жик кеткендей болду. Билем кызымдын кыялы бир топ эле. Келинге эмес кызыма болушуп, тымызын келинди каарыганга өттүм. Келиним чыдабай кеткенде төркүнүнө кетип калат, жарым айдан кийин уулум алып келет. Айтор келди кетти болуп калды. Мага да илең-салан жашоо жаккан жок. Биротоло кетсе кызым бактылуу жашачудай сезиле берди. Келинди өзунчө бөлгүм келген жок. уулумдун тапканын башка үйгө кетишин каалабадым. Кээде оокат кылып жатса мурунку келинди мактап, андай оокат кыла албай жатканын айтып көңүлун ого бетер оорута бердим. Кээде мурунку келиндин үйдө калган сүрөттөрүн атайы текчелерге коюп коем. Ал кундөру уул келин кужулдашып калат.  Ошентип келиним биротоло кетти. Күйөө балам да келди кетти болуп менин үйумдө жашап калат. Кызым үчүнчү кызын төрөдү. Кызым балдары менен уулумдун жоопкерчилигинде болду. Курбуларым кызымды күйөөсүнө кетирип келинди алып кел деп кеңеш беришти. Менин үй-бүлөмө кийлигишпегиле деп алар менен катышпай калдым. Бир жолу уулумдун короодо кызынын куурчагын бооруна бекем кысып отурганын көрдүм. Мени байкай калып мага билдирбей көзүнүн жашып сүруп алды да илкий басып унаасына отурду. Ошондо түшүндүм кызымды бактылуу кылам деп уулумдун бактысын талкалап, анын жан дүйнөсүн быт-чыт кылганымды. Келиним менен уулумду элдештирип өзүнчө бөлөйүн деп чечтим. Куданын үйунө баруу мага канчалык оор болсо да бардым. Сырттан кире албай көпкө турдум. Кудагыйым дарбазанын сыртынан гана «кызым турмушка чыгып кетти убара болбогула»- деп койду. көрсө келиним башкага турмушка чыгып, Казакстанга иштегени кетишиптир. уулум да көп өтпөй үйдөн чыгып кетти. Шаардын ортосунда батирде жашайт экен. Кызына жолугуп, анын кем-карчып берип келет деп угам. Жок дегенде неберем менен уулумду бөлбөйун деп уулума ашыкча сөз айта албайм. Келиним кеткенде 4 жаштагы кыз азыр 12 чыкты. Уулум үчунчү жолу үйлөнүүдөн жалкып жалгыз кун кечирип келет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *