
Кесиптик кошуундагы бүтпөгөн чыр, бийликтин сыны
13-аяк оона, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваПрезидент Садыр Жапаров Кесиптик кошуундар федерациясынын ишин кескин сынга алып, Башкы прокуратурага жана Эсеп палатасына мыйзамсыз сатылган объектилер менен жер тилкелерин ирээтке келтирүүнү тапшырды. Федерация жетекчилиги өз дарегине айтылган сындардын айрымдарына жооп кайтарды.
10-сентябрда президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү Жыргалаң санаторийинин толук оңдоодон өткөн абалы менен таанышты.
Санаторийдин аймагында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана башка кабинет мүчөлөрүнүн, фракция лидерлеринин, кесиптик кошуундардын жетекчилеринин катышуусунда көчмө жыйын курду.
Садыр Жапаров 1995-жылдан бери оңдолбогон санаторийдин мурдагы абалы менен азыркы абалын салыштырып, көчмө жыйынга келген Профсоюздар федерациясынын жетекчилигин жана мүчөлөрүн кескин сынга алды:
«Былтыр силерге 550 млн сом бюджеттен бергенбиз, быйыл дагы профсоюз тармагына 600 млн сом алганы жатасыңар. Бул элдин, биздин мамлекеттик бюджеттен силерге түшкөн акча. Ошону талап-тоноп, жеп жатасыңар. Бир тыйын салбапсыңар. Финансисттер эсептеп мага берди, колумда турат. 30 жылда 6 миллиард сом алыпсыңар. 6 тыйындык имарат салып койбопсуңар. Эмнеге 29 киши биригип алып башка кишилерди киргизбей, башчы коёбуз деп жатасыңар? 6,5 миллиардды талап-тоноп жеп жүрүпсүңөр. Бийлик талашканыңардын болгон сыры ошол экен».
Садыр Жапаров Кесиптик кошуундар федерациясынын карамагындагы 284 объектинин 134ү мыйзамсыз сатылганын айтып, Башкы прокуратурага жана Эсеп палатасына мыйзамсыз сатылган объектилер менен жер тилкелерин ирээттештирип, мамлекетке кайтаруу ишин баштоону тапшырды.
Булак: Аргумент кж