Кербен-Таш-Көмүр жолунда күйүүчү май ташыган унаа оодарылып кетти

Кербен-Таш-Көмүр жолунда күйүүчү май ташыган унаа оодарылып кетти

25-баш оона, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Жалал-Абад облусунун Аксы району аркылуу өткөн Кербен-Таш-Көмүр унаа жолунун 8-9-чакырымында күйүүчү май ташыган унаа оодарылып кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Окуядан улам жол жабылды. Маалым болгондой, кырсык болгон жердин айланасына күйүүчү май төгүлүп, 8 метр куб мазут жана 15 гектар куураган чөп күйгөн.

Саат 16:02де окуя болгон жерге Аксы райондук №70 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 2 бөлүм тартылган. Саат 16:38де өрт курчоого алынып, саат 18:07де өрт толугу менен өчүрүлгөн

Жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

Булак: Аргумент кж