
Кемпир-Абад иши: айыпталгандардын камактагы мөөнөтү узартылды
20-кулжа, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваКемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткандардын камактагы мөөнөтү 15-августка чейин узартылды. Бул тууралуу камактагылардын бири Илгиз Шаменовдун адвокаты Бакытбек Автандил уулу билдирди.
“Иш материалдар сотко өткөндө судья бир нече маселелерди чечет. Анын ичинде бөгөт чарасы дагы каралат. Кимде кандай бөгөт чара болсо, ошол убактылуу узартылат. Алдын ала соттук угуу белгиленген 22-23-июнда жактоочулардын бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчү каралат”, — деди адвокат.
Кемпир-Абад иши сотко өткөрүлүп, алдын ала соттук угуу 22-23-июнга дайындалды.
Булак: Аргумент кж