Кеминдин Кайыңдысында өспүрүм сууга чөгүп кетти

Кеминдин Кайыңдысында өспүрүм сууга чөгүп кетти

27-кулжа, 2017-ж // //

Кырсык түш ченде болгон.
Кемин районунун Кайыңды айылында кечээ 12 жаштагы өспүрүм сууга чөгүп кеткен. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Кырсык айылда түш ченде болгон. Окуя туурасында кабар түшкөндөн кийин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары аталган жерге жөнөп кеткен. Бирок алар келгенче туугандары баланын сөөгүн суудан таап чыгышкан.
Булак: sputnik.kg