Кемелбек Ашыралиев: “Мен эмне, “дүжүр чал” көрүнүп турамбы?”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

— Кемелбек ага, мына эртең курултай өткөнү турат…

— Илгери биздин ата-бабалар ар бир чөлкөмдөрдө курултай өткөрүп келишкен. Улуулардын насаат кептерин угушуп, ойчулдардын ойлорун аңдашып, бир бүтүмгө келишип, ынтымак-ырашкердикте жашап өтүшкөн эмеспи. Бу жолу кыргыздын тарыхында бүт өрөөндөн, жадагалса чет мамлекетте жүргөн биздин мигранттар, дин өкүлдөрү катышкан биринчи курултай болгону турат. Эң ириде ушу курултай маданияттуу өтсө экен (!) деген тилегим бар. Бирин-бири ошо жерден кажып, ооздорунан ак ит кирип, кара ит чыкканга барбай, этикалык норманы сактап, уюшкандыкта өтсө жакшы болгону турат. Анүстүнө чет мамлекеттегилердин баары карап, “Кыргызстандын 1-курултайы кандай өтөт экен?” деп көз салышат.

— Делегат катары сөз алып сүйлөйсүзбү, калыс пикир айтасызбы?

— Тээ Исхак Раззаковдун сөзүн уккан адаммын, ошондон бери саясатта айланып жүрөм. Баскан-турганым тың, акыл-эсим зирек, баарын сезип, көрүп турам. Республикадагы ички резервди кандай пайдалануу керектиги тууралуу өзүмдүн айта турган омоктуу ойлорум, сөзүм бар. Аны сөзсүз курултайда жалпы эл алдында делегаттарга айтам. Мындан сырткары, өлкөнүн айыл чарбасы тууралуу көйгөйлөргө, кадр маселесине токтолом. Чоң-чоң маселелерден кеп козгойм, майдаланбайм.

— Кемелбек ага, билесиз да, аксакалдар чыгып сүйлөгөндө эле эл “булар дүжүр чалдар” деп башташат, бу жагы кандай болот?

— Мен эмне, “дүжүр чал” көрүнүп турамбы? Антип калгандай, жыйынга президенттин квотасы менен барган жокмун. Президент да туура кылды, өзүнүн квотасы менен эч кимди шайлаган жок. Бул курултайдын делегаттары карапайым эл. 3-4 жерде чогулуштарда болдум. Акыркы жолу мени шаардан көрсөтүп, “ушу киши ар дайым коомчулук алдында туура жана түз сүйлөйт, чоң кызматтарда жүрүп, элдин байлыгына суук колун салбаптыр. Эл катары “Нива” менен жүрөт. Особнягы жок эле көп кабаттуу турак жайдагы 3 бөлмөлүү үйдө турат экен. Убагында Акаевге, Бакиевге, Атамбаевге туура сын айтчу” деп мени шайлап коюшту, өзүм суранган жокмун. А чын-чынында кошомат айтып кызматка бармак белем? Эгер туура эмес сүйлөп койсом, элден чыгып каларымды билем. Так что, байкеңдин эс-акылы азыр кадимкидей эле.

— Точнобу?

— Байкеңди азыр көк-бөрүгө салсаң болот. Быйыл Түркия мамлекетинде Көчмөндөр оюндары болбодубу. Мурунку маданият жана спорт министри Азамат Жаманкуловго барып, “Азамат уулум, мени Көчмөндөр оюндарына ала бар. А жерден 82 жаштагы кыргыздын аксакалы жорго салдырган боюнча мастер-класс көргөзүп берем же болбосо өзүм курактуу жашташ келген адам менен эр эңишке чыгайын, любою чыксын. Кыргыздын аксакалынын духун, эр жүрөктүүлүгүн көргөзөйүн!” десем, министр макул болгон. Анан эмне болду билбейм… Азыр да “Биримкулдун кунанындай” болуп туйлап турам. Жөө жарышка болобу, тоого чыккангабы же жанагы муздак сууга түшкөнбү, любою менен жарышам. Алтынбек Сулайманов деген жигиттин муздак сууга түшкөнүн көрүп, угуп калган жайым бар. Керек болсо Алтынбек менен музга түшөлү дегенге даярмын. Ошо. Байкеңдин баардык жагы ордунда, баары өз калыбында иштеп атат: башы, бели, буттары, колдору ж.б.

Сурат Жылкычиев 

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg