Кемелбек Ашыралиев атылбай калган аркардай болуп, айткан акылы жукпай калганда

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

“Партократмын” деп мактанып жүргөн Кемелбек Ашыралиев эки жакты карап, “кайсы заманда жашап жатабыз?” деп бир ойлобойт экен го! Азыр демократия артта калып, маалымат технологияларынын учурунда, наристелер да интернет карап буламык жеген заман эмеспи. Ал ошол партиянын учурунда иштеди, андан кийин Акаевдин заманында аким, губернатор болду, эмнени кыйратты эле? Ушул Кемелбек Ашыралиевге окшогондор Кыргызстанды кризиске белчеден батырып, жардын кырына алып келди да. “Жеп-ичип” кеткендерин кантебиз? Эми болсо акылдуу көрүнүп, аксакал кейиптенип отурат. Атылбай калган аркардай болуп, жалгыз калганында кандай сыр бар? Сексенден эбак ашкан. Мунун теңтуштары деле калбай калды, дээрлик баары жер жазданып жатышат. А бул жукпаса да насаат айтып жүрөт…

“Карапайым адамдар өз пикирлерин ачыктан-ачык президент менен беттешип айтышса, калган бийлик бутактары менен түздөн-түз сүйлөшө албай жатат да. Ошон үчүн президенттин, парламенттин отчетун алып, анан аткаруу бийлигинин ишин сурап, ошого баа бериш керек” дейт. Анын пикири боюнча карапайым адамдар президент менен “беттешип”, ар бири өз көйгөйүн айтыш керек окшойт. Анда облустагы ыйгарым укуктуу өкүл, райондун акими эмне иш кылат? Же жалгыз президент иштеши керекпи? Курултай Кыргызстанда баардык бийлик бутактарынан жогору турган макамга ээ болуш керек имиш. Анда министрлер кабинетинин кереги барбы? Алар ыйгарым укуктарын курултайга берип коюп, алакан жайып отуруп калыш керекпи?

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg