Коом

Келиним мени кантип мени байытканын айтып берейин

Менин башка кайын энелерден эмнем кем деп, акыры силерге жазууну чечтим. Алтындай болгон келинимди азыр бир мактап албасам, кийин качан мактайм, туурабы? Мен келиндүү болгон жокмун, мен кыздуу болдум. Кырктан кийин токтоп калган жашоом жанданды. Мурда
эптеп күн өткөрчү элем, азыр мен маңыздуу жашагым келе баштады. Көздөрү башкача жылуу эле. Ак жоолугумду салып жатканда байкагам. Бетинен өөп, көшөгөгө жетеледим. Кокустан чалынып кеттим. Келиним кармап калбаса жыгылып түшөт элем. “Апа,
баары жакшы болот” деди. Мен сөзүнө ишендим. Акыры баары жакшы болду. Ушактан башым чыкпайт эле. Кошуна аялдар же курбуларым менен жолуксак эле бирөөнү ушактап, наалып, жамандап жатып калабыз. Айланамдагылардын баары жаман болчу. “Ай, биздин убакта” деген сөз оозубуздан түшпөйт. Өткөн кез менен жашап жатканымды келиним келгенден кийин билбедимби. Ооба, ал убакта жакшы нерселер болду, бирок анын баары өтүп кетти. Эми жаңы заманга, экологияга көнүп, алдыга багыт алуу керек экенин кеч билгениме
өкүнөм. Эң негизгиси жоопкерчиликти өз мойнума алдым дагы, ватсаптагы бүт группалардан чыгып кеттим. Ишенесиңерби, башымдын оорусу басылып, кадимкидей эс ала түштүм.  “Бул көөп, эл карабай калды” деп сүйлөштү. Айрымдары сөктү, калгандары шыбырашты. А мага баары бир. Анткени мен бактылуумун.
Мен сонун тортторду жасайм. Үйдөгүлөр жеп туруп кетишет. Жети же сегиз сааттык жумушумдун акыбети кайтпайт. Көңүлүм түшүп бөлмөмө кирип кетем. Бирок, келиним антпеди. “Апа, бул тортторду башкалар дагы жеп, өздөрүн бактылуу сезиши керек” деди да, бизнес план дейби, ошону түзө баштады.
Биринчи курбуларына чалып төрт буйрутма алды. “Апа, эртеңкиге төрт тортуңуз керек” дегенде шок болуп туруп калдым. Түнү менен уктабай бышырып чыктым. Колума акчасын алгандан кийин толкунданып ыйлап жибердим. “Апа, мээнетиңиз текке кеткен жок, бул акысы” деп бетимден өптү. Барып туруп өзүмө көйнөк сатып алдым. Буйрутмалар көбөйө баштады. Келиним жумушунан келип алып, түнү менен аларды кабыл алат. Мен торт бышырам, чалым таңгактайт, уулум жеткизип берет. Бир жылдан кийин цех ачтык. Кошумча жумушчуларды алдык. Көп жылдан бери ремонт эмне экенин билбеген үйүбүз сүйүндү. Келиним мага машина айдаганды үйрөттү. Залга жаздырып,
дем алыш күндөрү жаратылышка экскурсияга чыкканды адат кылып берди. Чөйрөм өзгөрдү. Мен өзгөрдүм. Ушак сүйлөбөгөн, бирөөнүн жашоосуна кийлигишпеген, максаты бар курбуларды таптым. Баары келинимдин күчү менен болду.
 Өзүмө ишенбей баратканда келиним баягы сөзүн айтат:
” “Апа, баары жакшы болот.Чүкүнтайым (келинимди ушинтип эркелетем), берекем, алтыным, сен мени кандай бактылуу кылганыңды билсең кана. Карыганда жашоомо көрк бердең, мага башка дүйнөнү көрсөттүң. Сөзүңдү угуп туура кылганыма ынандым. Мен азыр бактылуумун. Жашагым келет. Бул үчүн сага рахмат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *