Келинчегим экөөбүз адашып кымбат ресторанга кирген күн жашообузду өзгөрттү

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жашоо чындыгында кандай экенин көрдүк. Тамак жеп отурган кардарлар, атүгүл официанттар
экөөбүздү жактырбай карашты. Бир-эки столдогулар тамак жеп бүтпөстөн мурдуларын чүйрүп туруп кетишти. Жаныбыздагы столдогулар официантты чакырып “силер эмне ресторан болбой, багытыңарды өзгөттүңөрбү” деп сурашты. Албетте, бизди айтып жатат да.
Ал күнү айылдан жаңы эле келгенбиз. Тайкелерибиздин жаназасында кызматта болчук.
Жолдон ачка болуп, шаарга кирерибиз менен эле тамактанып алалы деп кафеге киргенбиз.
Кафе эмес, ресторан экенин кайдан билдик. Кеч кирип калган да эле, жакындан жарытарлык эч
нерсе таппай койгонбуз.
– Бизде европалыктардын тамагы, манты, шорпо жок.
– Чай менен салат алып келчи анда.
Макул.
Официант жактырбай басып кетти. Келинчегим кетели дейт. Мен көшөрүп аягына чейин
отурууну чечтим. Тамактарды алып келди. Тарелкалар өзгөчө кооз. Үйдө дагы мындай идиште ичпейбиз. Дасторкон аппак. Колуңду тийгизгенден коркосуң. Эмнеге мындай сулуулукка өзбүздү татыксыз деп эсептедик? Эмнеге?
Экөөбүз түн ортосу ээрчишип бараттык. Үнсүз. Келинчегим айды карап терең үшкүрүп коет. Ага мен кошулам. Бир маалда, “кел өзгөрөбүз” дедим. Ал түшүнбөдү. “Эмкиде ошол ресторанга таптакыр башкача адам болуп барабыз” дедим.

Жылдар өттү…
Экөөбүз тытынып иштеп чоң там салдак. Кооз идиштерди алдык. Балдарды мыкты мектептерге бердик. Үстү- башыбызды ондодук. Андн бир күнү ээрчишип баягы
ресторанга бардык. Тилекке каршы, жабылып калыптыр.
Билесиңерби, мен ал күнгө ыраазымын. Ошол ресторанга кирип, адамдардан ошондой мамиле күткөнүмө ыраазымын. Бул мага чоң бир түрткү болду. Эгер ал күн болбосо, биз дагы сулуулукка татыктуу экенибизди, шылтоо издебей иштесек алар жеткен нерсеге деле жете аларыбызды билбей кала берсек керек.
Балким, ордубузда башкалар болсо ого бетер тагдырына таарынып чыгып кетмек. Биз антпедик, келинчегим экөөбүз жөн гана ыраазы болдук. Ал күндү сабак катары кабыл алдык.
Силер дагы өнүккүлө деген белги катары кабыл алдык.
Бир гана нерсе айткым келди, адамгерчиликти сактап калалычы. Убагында кыйналгандар бизге окшоп бир күнү өзгөрүп кетет.

/bilesinbi.kg

Аргумент.kg