Келинчегим башкаларга ойнош болуп кетти

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жашоодо ойго келбеген окуялар көп болот экен. Өзүң менен бирге жатып, бирге турган адамың да көзүңө чөп салып кетиши оңой болуп калыптыр. Аялдардын жеңил ойлуулукка берилип кеткендерин көрүп, кулагым менен угуп жүрсөм да, менин аялым ушундай жолго түшүп кетет деген нерсе үч уктасам түшүмө кирбеген.
Келинчегим менен турмуш курганыма 10 жылдан ашты. 2 уул, 1 кызыбыз бар. Тун уулубуз 5-класста окуйт, кенже кызыбыз 2 жашта. Үй-бүлө багуу – эркек кишинин милдети, эрте кетип, кеч келем. Акыркы күндөрү аялымдын мага болгон мамилеси өзгөрө баштады. Мени көргүсү келбей, кичинекей нерседен күндө жаңжал чыгарат. «Машинаңды берип тур, бир жакка барып келейин» дейт, териштирип отурбай берип коём. Бир күнү концертке кетти, телефону үйдө калыптыр. Алып агент деген балекетине кирсем, бир адам менен сүйлөшкөндөрү бар экен. Жазышпаган нерсеси калбаптыр, экөө кантип жолуккан, машинадагы окуялары, үйдөгү мамилелери, уруша кеткендери, ортосундагы сырларынын баарын жазышыптыр. Көрсө, аялым мурун башка эркектер менен көңүлдөш болуп жүргөн экен.
Сүйлөшкөндөрүн кагазга чыгарып келинчегим келгенде колуна карматсам эч нерсе болбогондой «Ооба, мен башка менен жүрөм. Бул биринчиси эмес» деди. Көрсө, унаамды келинчегиме ойношторуна жолукканы барганга берип жүрүптүрмүн.

Балдарым апам качан келет дешет

– Нес болуп калдым, ишенгим келбеди. Урушубуз күчөп, үйүбүз жаңжалдан арылбады. «Сени көргүм келбейт. Кудай жолунда жүргөн адаммын, сени Кудай жазаласын. Балдарыбыз үчүн жашашыбыз мүмкүн. Мен өзүмө келгенче көзүмө көрүнбө» дедим. Апамдарга, туугандардын эч кимисине айткан жокмун.
Бир айдан ашып калды, аялым учурда Бишкекте жүрөт. Эки балам менде, кызымды кайненем карап жатат. Кээде телефон чалып калганда бузулган аял көзүмө элестейт да, жийиркенип, ачуум келип уруша кетебиз. Балдарым «Апам качан келет?» дешет. Аларга да сыр бербей «жакында келет» деп коём. Кайын журтум, ата-энемдер да билишпейт, аларга «Бишкекке иштегени кетти» деп койгом.
Мындан ары кандай кадамдарга барарымды билбейм. Балдарым үчүн аялымды кечиргим келет, бирок…

Аргумент.kg