Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков саясий куугунтук болбош үчүн кылмыш иши козголгон саясатчыларды үй камагына чыгарып тергөө керек деп эсептейт. Келдибеков аткаминердин күнөөсү сот тарабынан далилденген учурда гана камалышын туура көрөт. Ал мындай пикирин “Азаттык” радиосундагы талкууда билдирди.

“Темир Сариевдин тарапташтарынын митингде үй камагына чыгаргыла деген талабы менин дагы башымдан өткөн. Үй камагына чыгарып коюп тергесе болот. Анын күнөөлүү же күнөөсүз экенин сот аныктайт. Ошол менин убагымда дагы далай митингдер өткөн. Бирок ошол мезгилде саясатчыларга кол чаап, “биздин башыбызга түшпөйт, биз муну көрбөйбүз” деп адилетсиздик кылган адат бүгүн кайталанып жатат. Ар бир адамга коюлган күнөө боюнча соттон адилеттүү мойнуна коюлганда кыргыз эли адилеттүү чечимди кабыл алабыз. Адилетсиз чечим менен өмүр бою күрөшөбүз”, – деди Келдибеков.