
Кеңешбай Тайлаков: Койдун эти бизде 560 сом болсо, Казакстанда 450 сом
27-кулжа, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваМонополияга каршы жөнгө кызматынын төрагасы Кеңешбай мырза, урчадагы айрым азыр- түлүктөрдүн баасы боюнча оюн билдирди.
-Эт азыгы карапайым элдин чөнтөгүн каңтарган, туруктуу баага муктаж азык. Сиздердин эттин баасы туруктуу сактоого аракетиңиздерди угуп калдым.
«Эт азыгына жума сайын мониторинг өткөрүп жатабыз, жай айларында малдын баары жайлоого чыгып кетип, эттин баасы өзгөрүлө баштайт. Ошон үчун негизги бааны көторбө үчүн иш — чараларды жүргүзүп, сурамжылоо , талдоо мониторинг ыкмалары менен иш алып баруудабыз. Мал базардагы эттин баасы учурда жогорулаган. Койдун эти жыл башында 520 сомдун тегерегинде болсо бугунку кундо орто эсеп менен 560 сомдун айланасында. Башкача айтканда 7,5% га чейин өсүү бар. Уй эти жыл башында 510 сом болсо, азыр 520 сомдун тегерегинде. Жакында баа түзүү боюнча мыйзам кабыл алынып, президент кол койду. Ал эми мыйзам июлдун орто ченинен баштап күчүнө кире башайт. Ошол жерде биз бир топ механизмдерди карадык.
Негизи эт рыногунда башка мамилекеттерде кандай болуп жатканына да көз салып турабыз. Мисалы, ошол эле ЕАЭБ мамлекеттерин алсак , бүгүнкү күндө бизде уйдун эти 520 сом болсо, Казакстанда 550 сом, Россияда 520, Беларуста 530, Арменияда 790, Тажикстанда 670,сом. Азырча уй этинин баасы бизде туруктуу. Ал эми койдун эти бизде 560сом болсо, Казакстанда 450 сом. Ал эми Россиядаандан да жогору.
Андан сырткары, ири соода борборлорунда сатылып жаткан этке да талаптарды койгонбуз. Алардын жетекчилиги көзөмөл кылууга убадаларын биришкен» — деди Кеңешбай Тайлаков.
Булак; Аргумент кж