
Казакстанда активист Марат Жыланбаевдин соту жабык режимде өтөт
31-тогуздун айы, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваАстанада парламент мажилисине талапкер болгон, каттоодон өтпөгөн оппозициялык “Алга, Казакстан!” партиясынын лидери Марат Жыланбаевдин иши боюнча соттук отурум башталды.
Судья эки күбө ишти жабык режимде кароону суранганын билдирди.
— Алар өтүнүчүндө өздөрүнө жана жакындарына белгисиз кишилер кысым көрсөтүп жатканын айткан, — деди судья.
Айыпталуучунун адвокаты күбөлөрдүн аты-жөнү белгисиз деп, өтүнүчтү кабыл албоону сурады.
Марат Жыланбаев өзү да сот жараянын ачык өткөрүүнү талап кылды.
— Сот ачык болушу керек деп эсептейм. Анткени биз Казакстандын мыйзамдарын гана эмес, Конституциянын нормаларын да бузуп жатабыз. Мен мыйзам бузган жокмун, муну сотто далилдегим келет. Эгерде сот жабык өтсө, бул мени түрмөгө отургузушат деген сөз, — деди Марат Жыланбаев.
Бирок сот өтүнүчтү канааттандырган жок. Сот жараяны 2-ноябрда жабык режимде улана турган болду.
Белгилүү марафончу, 60 жаштагы Марат Жыланбаев 25-майдан бери камакта отурат. Ал «Тыюу салынган уюм менен кызматташуу» жана «Экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүн каржылоо» беренелери боюнча шектелүүдө. Жыланбаев өзү бул айыптоолорду четке кагып келет.
Булак: Аргумент кж