Казакстан жер титирөөдөн жабыркаган Ооганстанга жардам жөнөттү

Казакстан жер титирөөдөн жабыркаган Ооганстанга жардам жөнөттү

11-тогуздун айы, 2023-ж // Дүйнө кабары // Айпери Осмоналиева

Казакстандын Чукул кырдаалдар министрлиги жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу үчүн Ооганстанга гуманитардык жардам жөнөтүлгөнүн билдирди. Маалыматка караганда, Улуттук гвардиянын учагы дары-дармек, чатырларды жетирип кетти. Азык-түлүк, кийим-кече, жууркан-төшөктөрдү темир жол менен алып барышат.

Буга чейин Ооганстанга казакстандык 45 куткаруучу жана медицина кызматкери кеткени кабарланган.

10-октябрда Өзбекстан ооган элине 100 тонна жардам – ун, буудай, май, кесме, эт азыктарын, күрүч, шекер, чатыр, жууркан, биринчи жардам көрсөтүүчү каражаттарды жөнөткөн.

7-октябрда Ооганстанын Герат провинциясында күчү 6,3 баллга жеткен зилзалада 2 миңден ашуун адам каза тапкан. Бийлик бул — акыркы 20 жылдагы эң кыйратуучу жер титирөө болгонун билдирген.

11-октябрда ошол эле аймакта кайрадан жер титирөө катталып, анын күчү да очогунда 6,3 балдда түздү.

Булак: Аргумент кж