Казакстан: “Бизге кыргыздар жетпей турат”. Митингдерде азил-чыны аралаш кыргыздар да сөз болууда
05-үчтүн айы, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваКазакстанда 3 күндөн бери нааразылык акциялары уланууда. Буга автоунаалар үчүн пайдаланыла турган суюлтулган газдын бир заматта кескин кымбаттап кетиши себеп болгон.
Би-Би-Си кызматы бул тууралуу “Азаттыктын” кабарчысы Сания Тойкенди кепке тартканда ал: “Биз кыргыздарга жетпей жатабыз. Эки күндөн бери туруп, аягыбыздан бери тоңдук, суу өттү. Тез арада барып кыргыздарды алып келели, алар бир саатта эле ары-бери кылат” деп тамаша-чыны аралаш сөз кылышууда, – деп элдин айтканын айтып берген.

Ошол эле Алматыда дагы чыккандар болду. Айрым аналитиктер кымбатчылык, жалпы экономикалык абал, эл ичиндеги маанай буга себеп, ал эми автоунаалар үчүн пайдаланыла турган суюлтулган газдын бир заматта кескин кымбаттап кетиши ага дүрт эткен шылтоо деп баалап жатышат.