Каза болгон карылардын мүлкүнө документ жасап, сатып жүргөндөр кармалды

Каза болгон карылардын мүлкүнө документ жасап, сатып жүргөндөр кармалды

06-жетинин айы, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

.УКМК каза болгон жалгыз бой карыялардын кыймылсыз мүлкүнө документ жасап, андан соң сатып жүргөн жеке нотариус менен анын жардамчысын кармады.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, шектүүлөр Жер ресурстары кызматынын (мурдагы “Кадастр”) кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, каза болгон жалгыз бой карыялардын кыймылсыз мүлкү тууралуу маалыматтарды чогултушкан.

“Алардын тууган-туушканы менен мураскерлеринин жоктугун аныкташкан. Андан кийин мүлктү сатуу үчүн жеке нотариус менен Жер ресурстары кызматынын Бишкек шаардык бөлүмүнүн кызматкерлери биргеликте документтерди жасалмалашкан”, — деп айтылат маалыматта.

Булак: Аргумент кж