Каза болгон адамдын сөөгү каналдан табылды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Каналдын ичинен эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта, Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун каналдарынын биринин ичинен каза болгон адамдын сөөгү табылган.  Кече күнү, 22-мартта саат 11 чамасында айыл тургундарынын биринен билдирүү түшкөн. Новопокровка айылынын каналында 30-35 жаштагы азият түспөлдүү эркек адамдын сөөгү табылган. Сөөктү куткаруучулар каналдан чыгарып,   милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Булак:argument.kg

Аргумент.kg