
карындашынын намысын коргоп, ага асылган кишини атып салган адамга өкүм чыкты
20-кулжа, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева 20- июнь Токмокко жакын жерде карындашынын намысын коргоп, ага асылган кишини атып салган адамды сот үч жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу Чүй облустук соту билдирди.
Маалыматта «адам өлтүрүү» беренеси «аффект абалында адам өлтүрүүгө» алмаштырылганы айтылат.
Чүй райондук соту аны 3 жылга эркинен ажыратканын жактоочу Кайсын Абакиров маалымдады.
Каргашалуу окуя былтыр 1-июлда Токмок шаары тарапта болгон. Ошол кезде айтылган маалымат боюнча жол тосуп турган 33 жаштагы келинди сала кеткен айдоочу жолдон ага асыла баштаган. Алардын ортосунда чатак чыгып, келин агасына телефон чалууга жетишкен. Артынан автоунаа менен жетип келген бир тууганы айдоочуну газ-травматикалык тапанча менен атып, ал ошол жерден каза болгон.
Булак: Аргумент кж