Атамды жакшы көрөмбү же жокпу, айталбайм. Так билгеним, андан катуу коркчумун. Мен гана эмес, апам менен байкем атамды көргөндө титиреп турушчу. Ичип келгенде баарыбыз бекинчүбүз. Жырткычтай бакырып бизди издегенде, апам байкуш төшүн тосуп чыкчу. Апамды уруп жатканын угуп, байкем экөөбүз кучакташып ыйлайбыз. Балалыгыбыз ушинтип өттү…
Атамдын туугандары коңшу көчөдө турушат. Баарынан кабардар, бирок бир басып келип, “кой” деп койгонго жарашпайт. Кээде түнкүсүн атам ичип келип тополоң салганда, үйлөрүнө качып барсак киргизбейт. “Токмоктосо эмне экен?” деп кайра апамды урушуп, жолуна салышат.
Байкем окуусун бүтөрү менен Россияга кетти. Атам жокто чалып, “бул жакка келгиле” деп чакырат. Тагдырына багынып берген апам макул болбойт. Атам “балаң качан акча салат?” деп апамдын мээсин жеп, жөн эле кир жууп отурса деле барып баса калат. Кыскасы, сакалын ак басып калса да апама кол көтөргөнүн токтотподу. Канча ирет апамды коргоо үчүн денем көгөрүп жүрдү. Апам байкуштун сынбаган сөөгү калбады.
Ошентип көртирлик өтүп жатты. Мен турмушка чыктым. Кош бойлуу болуп, кесарево жолу менен төрөдүм. “Жардам керек болуп жатат” деп апамды жаныма чакыртып алдым (болбосо келбейт эле). Кебетесин көрүп, ыйлап жибердим. Кыязы, атам кечээ эле токмоктогон окшойт. Эрини жарылып, бир көзү шишип, аксап кирип келди. Кийимдеринин баарын көтөрүп алыптыр. “Байкең алып кеткиче сеникинде болоюн” дегенде сүйүндүм.
Бир күнү чогуу тамактанып отурсак, кошуна эже чалып, атам каза болуп калганын айтты. Үч күн мурун үзүлүптүр. Денеси жыттана баштаган экен. Дүкөнчү карызын сурап келип, көрүп калыптыр. Россиядан байкем келип, атамды жерге бердик. Туугандарыбыз “карыганда таштап кетпей, жанында турса эмне!” деп апамды жемелеп киришти. Кайнежеси ачык эле “эмнеге кетип каласың?!” деп жакалады.
Дарыгерлер өлүмүнүн себеби боордун циррозу экенин айтышты. Байкем үйдү сатып, апамды жанына алып, шаарга көчүп кетти. Атамдын туугандары “байкебиздин үйүн эмнеге саттырасың?” деп апама дагы асылышты. Апамдын жүрөгү кармап, бейтапканага түшүп калды. Кечээ кабар алганы барсам, “атаңдын жанында болсом, азыр тирүү болмок беле?..” деп өзүн күнөөлөп ыйлады. Эмне деп сооротушту билген жокмун.
Айткылачы, апама кантип жардам берсем болот? Атамдын туугандары ар кайсыны айта беришип, өзүн чындап эле күнөөлүү сезип жатат. Кандай сөздөрдү айтып колдоо көрсөтө алам? Кеңеш бергилечи?..
Анар
«Азия Ньюс» гезити