Кары-картандардын убалы мэр Эмилбек Абдыкадыровго жетеби?

Кары-картандардын убалы мэр Эмилбек Абдыкадыровго жетеби?

28-жалган куран, 2023-ж // Без рубрики // Айпери Осмоналиева

Борбор шаарыбызда көп кабаттуу үйлөрдө жылуулукту өчүрүнүн көп жылдан бери калыптанган тартиби бар. Мындай кадамга баруу үчүн шаардын абасынын жылуулугу +8 градустан жогору болуш керек. Быйыл болсо борбордогу жылуулук марттын башында эле өчүрүлүп салынды. Кээ бир учурда абанын температурасы -1,-2ден ылдый түшүп кетти. Ошого карабай жылуулук өчүрүлгөндүктөн борбордун үйлөрү суук болуп жатты. Натыйжада кары-картандар, оорукчандар жана ымыйркай балдары барлар аябай кыйналышты. Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров эмне үчүн мындай кадамга барды?Же ага шаардыктардын аялуу катмарынын ден-соолугунун кандай болушу баары бирби? Шаардын бюджетин мынтип үнөмдөбөй коюш керек болчу. Бул мэрдин мындан башка да кемчиликтери дайыма айтылып келет.

Булак: Аргумент.кж