Караколдо жаңы жол жарым жылга жетпей бузулган. Прокуратура иш козгоду

Караколдо жаңы жол жарым жылга жетпей бузулган. Прокуратура иш козгоду

13-теке, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Караколдо реконструкцияланган жол жарым жылга жетпей бузулган. Буга байланыштуу кылмыш иши козголгонун Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалымдалгандай, Ысык-Көл облустук прокуратурасы тарабынан Каракол шаарындагы Кыдыр-Аке көчөсүнүн 1,4 чакырым жолу боюнча текшерүү жүргүзүлгөн.

Жыйынтыгында дирекциянын айрым кызмат адамдары кызмат абалдарын кыянаттык менен пайдаланышып, аткарылган иштердин көлөмүн ашыкча баалап, аталган жол сапатсыз жасалып, 6 айга жетпей бузулган. Мамлекетке жалпысынан 1 792 887 сом зыян келитирилгендиги аныкталган.

Бул факты боюнча 337-берене менен («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Булак: Аргумент кж