Караколдо изделип жаткан өспүрүмдүн жансыз денеси чуңкурдан табылды

Караколдо изделип жаткан өспүрүмдүн жансыз денеси чуңкурдан табылды

31-тогуздун айы, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Каракол шаарында стадиондун аймагынан 13 жаштагы өспүрүмдүн жансыз денеси табылды. Маалыматты  маалымат агенттигине Ысык-Көл ОИИБден тастыкташты.

Маалыматка караганда, 30-октябрда саат 12:30 чамасында милицияга жергиликтүү тургун кайрылып, анын 13 жаштагы уулу эртең менен сабакка кетип, кайрылып келбегенин айткан. Аталган факты каттоого алынып, издөө иштери башталган. Кийинчерээк тургундардан шаардык стадиондун жанынан 4 метр тереңдиктеги чуңкурдан жашы жете элек баланын жансыз денесин табышканы тууралуу маалымат түшкөн. Маркум изделип жаткан өспүрүм экени такталды.

Бул факты дагы Каракол ШИИБге катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Баланын өлүмүнүн себептерин жана жагдайларын аныктоо боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак: Аргумент кж