Коом

Караколдо аялдын сөөгү өзүнүн батиринен табылды. Кылмышка шектелип күйөөсү кармалды

Каракол шаарында аялдын сөөгү өзү жашаган батирден табылган. Анын өлүмүнө шектелип жарандык никедеги жолдошу кармалды. Бул тууралуу 27-октябрда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Облустук милициядан билдиришкендей, Каракол шаардык ИИБнын «102» кызматына батирден аялдын сөөгү табылганы тууралуу билдирүү түшкөн.

Бул маалымат боюнча окуя болгон жерге шаардык милициянын тергөө-ыкчам тобу барган. Батирден 42 жаштагы Б.Ч.нын сөөгү уктоочу бөлмөдөн табылган. Сырттан текшерүү учурунда аялдын денесинен шектүү тактар табылган.

Бул факт Каракол ШИИБде КЖБРге катталып, Жазык кодексинин 138-беренесинин (ден соолукка оор зыян келтирүү) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дагы дайындалды.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аялдын өлүмүнө катыштыгы бар деген шек менен милиция бөлүмүнө анын жарандык никедеги күйөөсү, Ак-Суу районунун 34 жаштагы тургуну А.А. алынып келинген.

Каракол шаардык сотунун чечими менен шектүүгө карата 2 айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган. Учурда бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *